“ӨЛКӨНҮН КУБАТТУУЛУГУ – ЭЛ ДОСТУГУНДА” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 24.11.2022
  • 0

“ӨЛКӨНҮН КУБАТТУУЛУГУ – ЭЛ ДОСТУГУНДА” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шарттарында балдарды жана жаштарды жарандык жана патриоттук тарбиялоо жөнүндөгү” буйругунун негизинде уюштурулган “Өлкөнүн кубаттуулугу – эл достугунда” балдардын сүрөт конкурсу аяктады.

“ӨЛКӨНҮН КУБАТТУУЛУГУ – ЭЛ ДОСТУГУНДА” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ“Балажан” балдар борборуна андан бери өлкөбүздүн булуң-бурчтарынан миңден ашык жүрөк козгогон не бир кооз сүрөттөр келип түшкөн.

— Мындай конкурстар балдарга керемет сүрөттөрдү тартып, кызыктуу темаларды табууга эле шарт түзбөй, өзүбүздүн өлкөбүздө, дүйнө жүзүндө, керек болсо, үй-бүлөсүндө болуп жаткан окуяларга көз караштарын, мамилесин билдирүүгө түрткү болот. Анткени балдар чыгармачылыгын өркүндөтүүгө, өзүнүн көз карашын айтууга укуктуу. Биздин мамлекетте 80ден ашык улут жашайт, алардын баары бири-бирине колдоо көрсөтүп, сабырдуу болууга жана ар биринин ой-пикирине сый мамиле жасоого тийиш, — дейт “Балажан” балдар борборунун директору Дарья Мусина.

“ӨЛКӨНҮН КУБАТТУУЛУГУ – ЭЛ ДОСТУГУНДА” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Конкурстун калыстар тобунун курамына белгилүү сүрөтчүлөр, тажрыйбалуу маданият өкүлдөрү кирген. Алардын арасында КР Сүрөтчүлөр кошуунунун мүчөлөрү Бообек Арыков, графика сүрөтчүсү Рахат Итикеев, “Балажан” балдар борборунун бөлүм башчысы Гүлнара Жекшенова бар.

“ӨЛКӨНҮН КУБАТТУУЛУГУ – ЭЛ ДОСТУГУНДА” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Байгелүү биринчи орунга республикабыздын 22 таланттуу жаш өспүрүмдөрү татыктуу болду. Алардын катарына Нарын шаарынан Нурайым Төрөбекованы, Ноокат районунан Алихан Жамалдиновду, Ала-Бука районунан Сакина Илхамжанованы, Гулбара Норматованы, Түп районунан Айсезим Аскарованы ж.б. кошууга болот.

Конкурстун жыйынтыгында жалпы жонунан 58 бала экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер