ӨЛКӨНҮН АЙРЫМ АЙМАКТАРЫНДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИН УЗАРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ
- 28.04.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Бөлүшүү
Комментарийлер