ӨЛКӨ МЕКТЕПТЕРИ САПАТТУУ ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ МУКТАЖ

  • 26.02.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралдагы 2019-жылдын жыйынтыгын караган коллегиясында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкө мектептери өзгөчө санариптештирүү доорунда сапаттуу окуу китептерине муктаж экенин белгиледи.

ӨЛКӨ МЕКТЕПТЕРИ САПАТТУУ ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ МУКТАЖ

— Жаңы муундагы сапаттуу окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн министрлик «Окуу китептерин тандоо боюнча жаңы жобо» иштеп чыкты. Мындан ары окуу-методикалык комплекстерине гриф ыйгаруу, жалпы координациялоо укугу жаңы ачылган «Окуу китеби» мекемесине берилет. Жаңы жобого ылайык окуу китептерин илимий, илимий-педагогикалык, практикалык-педагогикалык, антидискриминациялык, гендердик экспертизадан өткөрүү каралган, — дейт Билим берүү жана илим министри.

Буга кошумча белгилей кетсек, өткөн 2018-2019 – окуу жылынан баштап окуу китептерин ижарага берүү практикасы республиканын бардык мектептеринде ишке кирип баштады. Министрлик бул саамалыкты ишке ашыруу үчүн «Жаңы мектеп» мекемесин түзгөнү белгилүү.

А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер