ӨЛКӨ КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН ТААЛИМ-ТАРБИЯГА БЕРГЕН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

  • 04.11.2022
  • 0

2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын II главасынын 20-беренесинин 3-пунктунда мындай деп жазылган: «Балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт». 
Көрүнүп тургандай, Конституцияда Кыргыз Республикасы кимди тарбиялайт деген суроо коюлуп, ал суроого мекенчилди, атуулду тарбиялайт деп ачык-айкын жооп берилген. Эмне үчүн бүгүн мекенчилди, атуулду,  улутманды тарбиялоо зарыл деген соболду биз өз алдыбызга коебуз? Биздин оюбузча, бул маселеге чоң масштабдан, кеңири контексттен карап, жооп берүү керек. Биз мында төмөнкү факторлорду эске алуубуз зарыл.

АККУЛЬТУРАЦИЯДАН АБАЙЛАЙЛЫ

Биринчиси- глобалдык фактор. Бүгүнкү ааламдашуунун шарттарында жана дүйнөлүк интеграциянын, тыгыз коммуникациянын кырдаалында жер жүзүндөгү чоң жана кичине өлкөлөр, зор державалар жана сан жагынан аз элдер, майда этностор жана ири калктар бардыгы глобалдык планетардык процесстерге активдүү тартылып жатат. «Дүйнө элдери бир кайыкта баратат» деген Чыңгыз Айтматовдун сөзү бекеринен эмес. Ушундай шартта, айрыкча жаңыдан өнүгүп жаткан, анын үстүнө сан жагынан аз элдин, этностун дүйнөлүк державалардын жана өнүккөн постиндустриалдык өлкөлөрдүн күчтүү таасирине акырындык менен «жутулуп», өзүнүн улуттугун жоготуп коюшу мүмкүн.Ушул маселеде белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиевдин төмөндөгүдөй кооптонуп жазганын туура деп эсептейбиз:

«Улуу акын Арстанбек айткандай, бүгүнкү «устаранын мизинде оодарылган» заманда, глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин этносторду, майда улутгарды ассимиляциялап, оп тартып кетүү коркунучунун шарттарында, кубаттуу державалардын, глобалдык геосаясий күчтөрдүн, күчтүү постиндустриалдык цивилизациялардын кучагына жутулуу, чет өлкөлүк массалык маданияттын баскынында калуу опурталдуулугу бар». (Байгазиев С. “Кыргыз элинин этикалык жана этнопедагогикалык асыл нарктары”.  Бишкек, «Алтын тамга», 2019, 3-бет).

Мына ушундай жагдайдан улам биздин республикада жарандардын улуттук иденттүүлүгүн сактоо, мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоо зарылдыгы келип чыккандыгын түшүнүү кыйын эмес.

Экинчи фактор. Социалдык философияда Аккультурация деген түшүнүк бар. Аккультурация түшүнүгү коомдук-тарыхый өнүгүүнүн ар түрдүү тепкичтеринде турган цивилизациялар, маданияттар өз ара аракетке өткөндө, азыраак өнүккөн коомдун маданияты күчтүүрөөк өнүккөн коомдун маданиятына жутулуп, жоюлуп кетиши дегенди билдирет. Тагыраак айтканда, аз сандагы калктын маданияты күчтүү өнүккөн өлкөнүн маданиятынын баскынында калып, акырындап өзүн жоготушу аккультурация делет. Айталы дегенибиз, глобалдык жана регионалдык маданий, соода-экономикалык, демократиялык, интеграциялык процесстерге активдүү тартылып жаткан бүгүнкү Кыргызстанда аккультурациялык тенденцияларды ачык байкоого болот. Философ-саясат таануучу Ж.Сааданбеков мындай деп жазат: «Балдарын орусча окутабыз деген кыргыздар Бишкекте эле эмес, башка шаарларда, жада калса таза кыргыз райондорунда жүздөп, миңдеп саналат. Бул жерде жандуу трумуштун прагматикасы (пайдакечтиги) чечүүчү ролду ойноодо» (Сааданбеков Ж. “Жандуу турмуш жалгандын торунда” – «Кутбилим» газетасы, 18-март, 2022). Ж.Сааданбековдун сөзүн улай айтсак, Бишкекте жана башка калааларда наристе баласын кыргыз тилиндеги бала бакчага атайын эле бербей, орус тилиндеги бала бакчага берип, чүрпөсүнүн тилин орусча чыгарып, аны менен үйдө да, тышта да, орусча сүйлөшкөн, урпагынын өз эне тилине болгон табигый укугунун жолун бууган «культурный» кыргыз ата-энелер көбөйүүдө. Мындай тенденция СССР доорунда да өкүм сүргөн, азыр болсо ого бетер күч алууда. Албетте, орус тилин чүрпөлөрдүн билишине эч кимдин каршылыгы жок. Бирок бөлөк тилге болгон жапырт умтулуу процесси эне тилине маани бербөөчүлүк, ага экинчи сорттогу тил катары караган прагматикалык жорук-жосундун фонунда жүрө турган болсо, улуттук тилге нигилисттик мамиле менен коштолсо, анда кыргыз коому бара-бара өзүнүн этникалык иденттүүлүгүнөн ажыроо коркунучуна дуушар болору шексиз.

Төмөнкү фактыларды да белгилеп кетели. Христиан динине, баптисттик уюмдарга, чет өлкөлүк диндик секталарга, исламдын ар кандай терс агымдарына кирип кеткен, ошондой эле, массалык маданияттын жеңил модаларын ээрчиген, тыштан экспорттолгон «баалуулуктарга» жүгүнгөн кыргыз жаштарынын саны улам арбууда.

Кыргызстандын бардык жети облусунан 1410 жаш адамды камтыган социологиялык изилдөө жаштардын мекенчилдиги эң арткы орунга түшүп, 8 гана пайыз болуп калгандыгын ачыктаган (Бул жөнүндө караңыз: Романов Б., Исаев К. “Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси” — Бишкек, 2017, 47-бет).

Бир сөз менен айтканда, мындай фактылардын тизмесин узарта берүүгө болот. Жогорудагы көрүнүштөр жана тенденциялар мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай, улуттук идеология жагынан жөнгө салынбай, баш-көзсүз стихия түрүндө өсүп кете бере турган болсо, анда өлкөбүздүн маданияты, руханияты жүрө-жүрө аккультурацияга кабылуу опурталдуулугу көрүнөө турат.

КОНСТИТУЦИЯДАГЫ ТАРБИЯНЫН НЕГИЗИ

Соңку убактарда кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү социалдык жаңы кырдаалдарда өз улуту үчүн мүмкүн болуучу дал ушундай коркунучту аңдап-туюнууга жетишти деп эсептейбиз. Дал ушундай негативдүү аккультурация тенденциясына бөгөт коюу үчүн жаңы Конституцияга алды жакта жазылгандай «Мамлекет балдарды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт» деген жобо киргизилип отурат. Мунун өзү өсүп келе жаткан муундарыбызды кенедей кезинен  мекенчилдикке тарбиялап, ал аркылуу глобалдашуунун шарттарында улутубуздун иденттүүлүгүн сактоо стратегиясы дегендикти билдирет. Конституциядагы аталган жаңы жобо – бул идеология, балдарды максаттуу тарбиялоонун методологиялык ачкычы болмокчу.

Жаңы Конституциядагы таалим-тарбияга берилген жаңы багыттан улам мындай бир суроо жаралбай койбойт. Конституцияда көрсөтүлгөн ошол мекенчилдикке, атуулдукка, жарандык-патриоттук сапаттарга тарбиялоо үчүн тарбиячылар кандай педагогикалык материалга, кандай улуттук ресурстук базага, кандай көрөңгө-пайдубалга таянышы, негиздениши керек?

Буга чейин мындай суроолор менен мамлекетибиз башын ооруткан эмес. Балдарыбыздын социалдашуусу башкарууга, көзөмөлгө алынбай, стихиянын баскынында калып, туш келди факторлордун таасирине кабылып, башаламан жүрүп келди. Эмне болсоң, ошо бол дегендей, коом балдардын тарбиясынан четтеп калган. Болбосо, нормалдуу коомдун базарларында, жеке соода түйүндөрүндө «Антологоия ужасов», «Наемные киллери», «Каннибалы», «Зомби мертвецы», «Людоеды», Кровожадные вампиры», «Серийные маньяки»,  «Кошмары», «Чудовищный страх», «Ужасный хит», «Жестокие дети», «Резьня без разбора», «Дети убийцы», «Девушки вампири», «Тюремные боевики», «Кровавые ужасы», «Дьявольские ужасы» деген сыяктуу бала түгүл чоң кишилердин психикасын буза турган диск-фильмдер өспүрүмдөргө ээн-эркин сатылабы? Дал ушундай аныкталган улуттук рухий базасы, багыты жок тарбия жөнүндө профессор С.Байгазиев мындай деп туура жазган: «Кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия стратегиясы, программасы иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам (мектеп окуу планындагы «Адеп сабагы» аркылуу тарбия берүү аракети мамлекеттик колдоого алынбагандыктан, активдеше албай жатат) өлкөдө келип чыккан вакуумду массалык маданияттын экспансиясы жана баш-көзсүз стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, жаш муундарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп жатат» (Байгазиев С. “Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы” – Бишкек, «Алтын тамга», 2018, 197-бет).

 ЭЛ УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮГҮН САКТООГО ТИЙИШ

Акыры жүрүп отуруп, интеллигенциябыздын алдыңкы катмары балдардын тарбиясын улуттук бир бекем негизге таянып жүргүзүүнүн зарылдыгын да аңдап түшүнө башташты. Мындай тенденция айрыкча экс-президент Роза Отунбаеванын 2010-жылдын 3-июлунда Президенттик ант берүү аземинен кийин сүйлөгөн программалык сөзүндөгү «Ата-бабалардын маданий мурасы, салты баарыбызды шыктандыруучу жана бириктирүүчү күч. Эң коркунучтуу кризис – бул жан дүйнөнүн, рухтун кризиси. Ошондуктан биздин руханий дөөлөттөрүбүздү сактап калуу керек» деген оюнан ачык байкалган («Кыргыз туусу» газетасы, 5-июль, 2010-жыл). Роза Отунбаеванын улут келечегин ойлоп айткан идеясынын эстафетасы 2011-жылы ошол кездеги Жаштар министрлиги кабыл алган Советбек Байгазиевдин «Кыргызстандын жаштарын рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясында» мындайча уланган: «Глобалдашуунун аз сандагы калктарды ассимиляциялап жиберүүчү шарттарында кылымдап калыптанган элдик рухий-адептик баалуулуктарга жана дөөлөттөргө, улуттук ар-намыска негизделген таалим-тарбия аба менен суудай керек» (Байгазиев С. “Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы” – Бишкек, «Алтын тамга», 2012-жыл, 195-бет). Мына ушинтип, тарбияга негиз болчу ата-бабалардын мурасы, салты, рухий-адептик баалуулуктары жөнүндөгү интеллигенция өкүлдөрүнүн концептуалдуу идеялары акыры жүрүп отуруп, элдик референдум менен 2021-жылы кабыл алынган КРнын Конституциясынан бекем орун тапты. Конституциянын III главасынын 21-беренесинде минтип жазылып отурат:

«1. Мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты, үрп-адаттарды жана салттарды сактоо менен Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүүсүнө камкордук көрөт.

  1. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо — элдин ыйык салты.
  2. Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт» (Кыргыз Республикасынын Конституциясы. – Бишкек, «Улуу тоолор» басмасы, 2021, 12-бет).

Демек, жогорудагы тарбия иши баланы мекенчилдикке жана атуулдукка жетилтүү үчүн кандай ресурстук көрөңгө-пайдубалга таянат, кандай материалды пайдаланат деген суроого мамлекеттик башкы документ жооп берди.

Конституциянын аталган беренесинин бул фундаменталдуу идеясын жана терең логикасын улап айтсак, өлкөбүздүн таалим-тарбиясы үчүн пайдаланыла турган педагогикалык ресурстук база – бул элибиздин илгертен түптөлгөн үрп-адаттары, салттары, нарктары, тарыхый мурастары, бүткүл руханий жана материалдык маданиятынын казынасы болуп саналат. Конституциябыз муундардын социалдашуусу үчүн элдик коломтонун казына-байлыгы мобилизацияланышы зарыл деген логикалык багытты берип турат. Чынында эле, улуттук тарыхый тамырга, кыртышка таянбаган тарбия кантип өз мекенинин татыктуу атуулун тарбиялай алат? Улуттук кыртышка таянбаган тарбия мекенчилдик менталитетти жаратпасын жогорудагы аккультурация процессине байланышкан факт-мисалдар далилдеп турбайбы.

Динара Данкеева,
Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер