ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОК ЛАГЕРГЕ БАЛДАРДЫ ЖӨНӨТПӨГҮЛӨ!

  • 14.06.2024
  • 0

УКМК лицензиясы жок диний лагерлерге балдарды жөнөтпөгөнгө чакырды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

УКМК акыркы жылдары жайкы эс алуу мезгилинде балдар үчүн диний лагерлер кеңири жайылганын айтып, аларга тыкыр текшерген соң гана балдарды жиберүү керектигин билдирди.

«Салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары тарабынан ар кандай шектүү окуу борборлору жана лагерлер мыйзамсыз уюштурулуп, иштеп жатат. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерге диний билим берүү мекемелерин тандоодо алгач аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун, тагыраагы, каттоосун, уруксат кагаздарын, лицензияларын жана окуу планын текшерип алууну сунуштайт», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, атайын кызмат өлкө аймагында мыйзамсыз иштеген медреселерди аныктап, жабууда. Учурда Кыргызстанда өз убагында каттоодон өтпөй калган диний уюмдар да катталып жатат.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер