ЛИЦЕНЗИЯЛООГО АРЫЗДАР ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ КАБЫЛ АЛЫНАТ
- 09.12.2022
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча арыздарды электрондук түрдө кабыл алуу жана кароо максатында АСУЛА — электрондук лицензиялоо платформасын иштеп чыкты.
Мындан ары арыз ээлери лицензия алуу арыздары менен электрондук түрдө кайрылса болот. Электрондук түрдө кайрылуу үчүн https://asula.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү зарыл.
Бөлүшүү
Комментарийлер