Лира Самыкбаева: аккредитациялоону туура уюштуруу менен билим берүү уюмдарынын ишини жогорулата алабыз
- 18.09.2024
- 0
17-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуттук аккредитациялоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Алар аккредитациянын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле катышуучулар аккредитациялык агенттиктер жана аккредитацияланган билим берүү мекемелери тарабынан таануу талаптарын ортого койду.
“Билим берүү системасында сапатты камсыздоо эң маанилүү фактор. Аккредитациялоону туура уюштуруу менен биз билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулата алабыз жана алардын программаларын билим берүү стандарттарына шайкеш келишин камсыздайбыз», – деди Лира Самыкбаева.
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү жаңы ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин карап, өз ойлору менен бөлүштү.
Комментарийлер