LG компаниясы КМТУде HVAC Академиясын ачты

  • 08.04.2025
  • 0
 8-апрелде Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жылытуу, желдетүү жана аба кондициялоо (HVAC) Академиясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
LG Electronics компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн бул билим берүү жана изилдөө борбору климаттык технологиялар, энергияны үнөмдөө жана инженердик системалар багытында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого маанилүү аянтча болуп кызмат кылат.
LG компаниясы КМТУде HVAC Академиясын ачты
Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура  Исираилованын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлүнүн, Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчиси Ким Кван-чжэнин (Kim Kwang Jae), LG Electronics компаниясынын Борбор Азия боюнча президенти Хак-хен Кимдин (Hak-hyon Kim)  жана ошондой эле “Poly Technology” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Жапар Үсөновдун катышуусунда өттү.
КМТУнун «Жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү» кафедрасынын негизинде түзүлгөн Академия студенттерге заманбап климаттык технологияларды теориялык билим менен катар иш жүзүндө да үйрөнүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк берет.
LG компаниясы КМТУде HVAC Академиясын ачты
Борбор LG компаниясынын акыркы үлгүдөгү жылытуу, желдетүү жана кондициялоо системалары менен жабдылган, бул студенттерге практика жүзүндө заманбап технологиялар менен иштөө шарттарын түзөт.
— HVAC Академиясынын ачылышы — Кыргыз Республикасында инженердик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Эми студенттер LG компаниясынын алдыңкы чечимдери менен иш жүзүндө тажрыйба топтой алышат. Биз технологияларды өнүктүрүүгө жана жаңы кесипкөйлөрдү даярдоого багытталган демилгелерди ар дайым колдоп келебиз. Бул долбоор университет жана “Poly Technology” компаниясы менен болгон кызматташуунун аркасында ишке ашты. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз, — деп белгиледи LG Electronics компаниясынын Борбор Азия боюнча президенти Хак-хен Ким.
LG компаниясы КМТУде HVAC Академиясын ачты
«LG академиясы — инженердик билим берүүнү трансформациялоонун жаңы этабы. Бул жерде студенттер жөн гана окуп тим болбостон, долбоор түзүүнү, жаратууну жана инновацияларды турмушка ашырууну үйрөнүшөт. Бул — келечектин мейкиндиги, жаңыча ойлонгон инженерлер калыптанган жер», -деп белгиледи ректор М.К.Чыныбаев
Окуу процессинде студенттер HVAC системалары менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү, LG компаниясынын программалык камсыздоосун үйрөнүшөт жана компаниянын ишке ашырылган долбоорлору менен таанышышат.
Алар заманбап жабдуулар менен иштөө аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерге айланышат.
Бөлүшүү

Комментарийлер