ЛЕЙЛЕКТИК  ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 13.09.2023
  • 0

 

ЛЕЙЛЕКТИК  ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛУШТУЛейлек районундагы №1 гимназия-жатак  мектебинин 16 окуучусу Кембридж университетинин дүйнө тааныган эл аралык сертификатына ээ болушту. Бул сертификат  Евростандарттын талаптарына толук жооп берет.

-Мындай чекти өлкөдөгү бир да мектеп багындырган эмес. Бул ийгиликке жетүүдө окуучулардын мугалими Нафиса Мурзалиеванын да эмгеги чоң болду,- дейт “Англис тили 7 айда” китебинин автору, Англиядагы атактуу Кембридж университетинин экзамендер Департаментинин Кыргызстандагы расмий  өкүлү Шайлообек Назаралиев.  Ш.Назаралиев Республикабызда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле англис тилин үйрөнүүнүн эң жеңил  жана ыңгайлуу усулун иштеп чыгып, китеп жазгандардан. Ал бир топ жылдан бери  англис тили боюнча сынак уюштуруп, жеңүүчүлөрүн Кытай, Турция, БАЭ сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө саякатка алып барып келген.  Алардын арасында окуучулардан тышкары ондогон билим тармагынын жетекчилери, мугалимдери да бар. Ш.Назаралиевдин билим берүүдөгү креативдүү демилгелерин, ийгиликтерин КР билим берүү жана илим министрлиги да жогору баалап, ыраазычылык каттарын тапшырган.

“Кыргызстандын  мектептерине үлгү болуучу саамалыкты   Билим берүү жана илим министрлиги чоң кубаттоо менен кабыл алды. Бул долбоор мамлекет, донорлор аркылуу каржыланбай ишке ашты. Жаңы автордук ыкма билим берүү системабыздын потенциалы күчтүү жана ал эл аралык билимди массалык түрдө багындыра ала тургандыгын далилдеди. Ошондой эле, министрлик бул демилгени колдоого алып, өлкө боюнча жайылтуунун үстүндө иш алып бара тургандыгын билдирет. Бул өз кезегинде, Кыргызстандын алыскы аймактарынын окуучуларына дүйнөдөгү эң абройлуу билим мекемелери менен байланышып,  алдыңкы окуу-процесстери менен  таанышууга  жол ачат” деп жазылат аталаган министрликтин Шайлообек Назаралиевге багышталган ыраазычылык катында. Элеттеги балдардын кыялын, максаттарын ишке ашырып,  аларга шарт түзүп келген  Ш.Назаралиевге мугалимдер да, окуучулар да терең ыраазы экендигин айта кетели.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер