КЫЗЫЛ-КЫЯДА АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

  • 19.03.2018
  • 0

Кызыл-Кыя шаарындагы мектептер арасында  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ааламдын алпы — Айтматов”  аттуу кароо сынагы өткөрүлдү.

КЫЗЫЛ-КЫЯДА АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

Сынакка шаардын 13 мектеби катышып, жеңүүчүлөр шаардык мэриянын акчалай сыйлыгына ээ болушту. Жазуучунун чыгармаларын сахналаштыруу боюнча  I орунга Д. М. Карбышев атындагы №1 орто мектеби ээ  болуп, 3 000 сом менен сыйланды. Бул мектептин окуучулары улуу жазуучунун “Тоолор кулаганда” романын сахналаштырышкан.

  • Негизи Айтматовдун башка чыгармалары боюнча спектаклдер коюлуп, кинолор тартылган. “Тоолор кулаганда” романы болсо сахналаштырыла  элек болчу. Мектеп бул чыгарма боюнча жаңы сценарий түзүшүп, окуучулары ролдорду жогорку деңгээлде аткарышып, калыстардын жакшы баасына арзышты. Бул сахналаштырылган чыгарма шаар жетекчилигинин чечими менен Нооруз майрамында элге тартуулана турган болду, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Инабат Парпиева.

Ушул эле номинацияда II  орунга ээ  болгон Кыргызстандын  50 жылдыгы атындагы №2 орто мектеби  2 000 сом, III орунга ээ  болгон А.Осмонов атындагы №12 орто мектеби 1 000 сом акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышты.

КЫЗЫЛ-КЫЯДА АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

Калган мектептер түрдүү номинацияларда грамоталар менен жана акчалай сыйланышты. Ошондой эле “Дүйнө Айтматовду окуйт” аттуу  кароо  сынагында “ ЭҢ  МЫКТЫ ВИДЕО –ТАСМА” номинациясын Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектеби жеңип алды.

  • Сынак өсүп келе жаткан муунду Ч.Айтматовдун чыгармаларын окууга, инсандык баалуулуктарды таанып-билүүгө тарбиялоо максатында өткөрүлдү. Сынакка мектептердин чоң жоопкерчилик менен даярданышканын калыстар тобу жана көрүүчүлөр белгилеп кетишти, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Матосмонова.

 

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер