КЫЗЫКТУУ ТАЙМАШ

  • 28.01.2024
  • 0

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 6-класстар арасында спортту сүйүү менен ар тараптуу өнүккөн жаштарды тарбиялоо максатында үй-бүлөлүк «Атам, апам жана мен» спорттук мелдеши болуп өттү.

КЫЗЫКТУУ ТАЙМАШ

Спорттук  мелдештин  жыйынтыгында  шамдагайлыгы  менен   өзгөчөлөнүп  6-«б»классы  классы I орунга, 6-«г» классы II орунга, 6-«е»  классы III орунга  ээ болушту.
Спорт  менен  машыгып, сергек  жашоого  жаштайынан үйрөнүүнүн  чоң  мааниси  бар.  Эртеңки  күндүн  келечек  ээлери  ийгиликтүү  болуп, саламаттыгы  чың  болушу  керектиги  бул спорттук  мелдештин  негизги  маңызын  түздү.

ТАБАЛДИЕВА Нурмира, УИТМЛинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер