АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АЛДЫҢКЫЛАРЫНА АЛКЫШ
- 14.07.2026
- 0
Сокулук райондук билим берүү бөлүмү 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгында билим берүү тармагында ийгилик жараткан окуучуларды, мугалимдерди жетишкендиктери менен куттуктап, баалуу белектер менен сыйлады. Иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илияз Ташкулов, район аймагындагы бардык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер, ошондой эле 2025–2026-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр катышты.

Коллегиянын алкагында Жалпы республикалык тестирлөөдө 200 баллдан жогору көрсөткүчкө жетишкен 18 бүтүрүүчүнүн ийгилиги салтанаттуу белгиленип, аларга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын энчилеген сааты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле алардын ата-энелерине Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн Ыраазычылык каттары ыйгарылды.
2025-2026-окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Военно-Антоновка мектебинин бүтүрүүчүсү Расул Нурдинов 228 балл, И.Раззаков атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Айман Айнакулова 228 балл, Ат-Башы мектебинин бүтүрүүчүсү Малика Молдоайасова 227 балл жана К.Тыныстанов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Бекзат Юспеков 220 балл алган.

Жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн бири Бекзат Рысбеков Сокулук районундагы К.Тыныстанов атындагы мектепти аяктады. Ал келечекте дарыгер болууну кыялданат. Бекзат ага ЖРТга даярданууга эң биринчи ата-энеси жана билим алган мектеби эң чоң колдоо көрсөткөнүн айтты. Алдыдагы кыялдарына жетүү үчүн ар кандай курстарга барып даярданган Бекзат курбуларына эрте даярдануу жана дайыма өзүнө бекем ишенүү керектигин билдирди. Ушундай эле дарыгер, тагыраак айтканда тиш догдур болгусу келген Алима Каналбекованын апасы Айгүл Садырова да эң биринчи бала өзү өзүнө бекем ишенип, даярдыкты эртерээк баштоосу керек деп эсептейт. Анын кызы Алима жаңы окуу жылы башталганда эле даярданып жүрүп, январь айынан тарта даярдыкты күчөткөнүн, адам алдыга койгон максатына окуу, окуу жана окуу менен гана жетише аларын, биринчи кезекте өзүнө, ага ишенген жана колдоо көрсөткөн ата-энесине далилдегенине ыраазы.
Ушундай эле сыйлыктар менен республикалык олимпиадада байгелүү орундарды камсыздаган окуучулар сыйланды. 2025–2026-окуу жылындагы республикалык олимпиадада биология сабагы боюнча үчүнчү орунду ээлеген Силк Вей эл аралык мектебинин окуучусу Асхат Алыбаев жана бешинчи орунду камсыздаган И.Айдарбеков атындагы мектептин окуучусу Раяна Абдикаримова өздөрүнүн билими жана эмгеги менен райондун сыймыгы боло алды.

Коллегияда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип кесиптик чеберчилиги, чыгармачыл изденүүсү менен өзгөчөлөнгөн мугалимдер менен тарбиячылардын жетишкендиктери да көз жаздымда калган жок. “Жылдын мыкты мугалими-2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” облустук сынактарына Сокулук районунун педагогдору да катышып, байгелүү орундарга илинген. Алсак, А.Жакшылыков атындагы мектептин тарых мугалими Зарина Абдрахманова, Г.Капарова атындагы мектептин география мугалими Аида Карыбекова, “Гүлзар” бала бакчасынын тарбиячысы Бегайым Кабылова биринчи орунду камсыздашса, Муса Жангазиев атындагы мектептин англис тили мугалими Айпери Артыкова байгелүү экинчи орунду ээлеген.
Жеңүүчүлөрдүн кесиптик ийгиликтери жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жогору бааланып, алар Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Бул ийгиликтер педагогдордун талыкпас эмгегинин, жогорку жоопкерчилигинин жана үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон умтулуусунун жыйынтыгы болуп саналат.
Жыйынтыктоочу жыйында кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде аткаргандыгы, билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн бир катар жетекчилердин ысымдары сыймык менен аталды. “Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, алардын ысымдарын белгилей кетели: Ат-Башы мектебинин директору Мырзабекова Рахат Соорбековна; И.Раззаков атындагы мектептин директору Дыйканов Мирлан Токсейитович; Военно-Антоновка мектебинин директору Чукурова Тамара Телебаевна; Шопоков шаарынын К.Карасаев атындагы №1 мектептин директору Козубекова Чынара Стамбековна; “Күн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Кызалакова Миргүл Кожобековна; “Татынакай” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Джумаева Аида Зулумбаевна жана “Гүлзар” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Акматалиева Айнур Токоновна “Жылдын мыкты жетекчиси” төш белгилерин тагынышты.

2025-2026-окуу жылы өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алгачкы этабы менен өзгөчөлөндү. Ушуга байланыштуу райондун мектептерине биринчи жолу 1-класска 3 607 окуучу, ал эми 2-класска 3 994 окуучу кабыл алынды.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев аталган окуу жылы райондун билим берүү тармагы үчүн маанилүү жетишкендиктерге жана жаңыланууларга бай жыл болгонун белгиледи. Окуу жылынын ичинде билим берүү мекемелеринин саны көбөйүп, окуучулардын контингенти өсүү менен бирге билим сапаты жогорулаганы байкалды. Буга ЖРТ жыйынтыктары айкын далил. Белгилей кетсек, райондо жалпы 54 билим берүү мекемеси иштейт. Алардын курамына 42 жалпы орто билим берүүчү мектеп, төрт толук эмес орто мектеп, үч интернат тибиндеги билим берүү мекемеси жана беш жеке менчик мектеп кирет. Жыл ичинде «Silk Way» эл аралык жеке мектебинин ачылышы билим берүү тармагын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Окуу жылынын жыйынтыгында окуучулардын окуу жетишкендиги 99 пайызды, ал эми билим сапаты 51 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр педагогикалык жамааттардын үзүрлүү эмгегинин, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган системалуу иштердин жана окуу-тарбия процессин натыйжалуу уюштуруунун жыйынтыгы болуп саналат.
Мектепке чейинки билим берүү тармагында да бир катар оң өзгөрүүлөр орун алды. Мында окуу жылынын башында 36 мектепке чейинки билим берүү уюму, анын ичинде үч сааттык кыска мөөнөттүү алты бала бакча иш алып барган. Учурда райондогу бала бакчалардын жалпы долбоордук кубаттуулугу 4040 орунду түзөт. Бала бакчага 5 733 тарбиялануучу барат жана аларга 187 тарбиячы билим жана тарбия берүүдө. Бала бакчаларда мамлекеттик жана расмий тилдерде билим берүү уюштурулган.
Жалпысынан алганда, 2025-2026-окуу жылы Сокулук районунун билим берүү тармагы үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталды. Билим сапатынын жогорулашы, окуучулардын жетишкендиктеринин өсүшү, ЖРТдагы жакшы көрсөткүчтөр, ошондой эле билим берүү инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер райондун билим берүү системасынын туруктуу өнүгүп келатканынан кабар берет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер