КЫЗЫКТУУ КОНКУРС

  • 16.02.2023
  • 0

Кара-Суу районундагы №27 Топ-терек негизги мектебинде  “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасына» ылайык 6-7-8-класстардын арасында» Заманбап турмушта каада-салттын кереги барбы?» деген темада дил баян, сүрөт конкурсу өткөрүлдү.

КЫЗЫКТУУ КОНКУРС

Окуучулар «Шамдагай» жана «Достук» деген эки топко бөлүп, 4 тапшырма үстүндө иштеп, жазган дил баяндарын түшүндүрүштү. Андан кийин тарткан сүрөттөрүн калыстарга тааныштырды. Салтка байланышкан макал-лакаптарды чечмелешти. Натыйжада «Шамдагай» командасы жеңүүчү деп табылды.
Сынакта жеке иштер да өзүнчө бааланды. «Заманбап турмушта каада-салттын кереги барбы?» деген темадагы дил баяндан 1-орунду 7-класстын окуучусу Сарыбаев Эрхан, 2-орунду 8-класстын окуучусу Абдикаримова Айгерим, 3-орунду 6-класстын окуучусу Ирисбаева Нурзада ээледи. Каада-салт боюнча жеке тапшырмада 8-класстын окуучусу Эргешова Нураида, 6-класстын окуучулары Ташболотова Тунук жана Камбарова Залбина, 8-класстын окуучусу Максутов Кайрат ийгиликке жетти.

КЫЗЫКТУУ КОНКУРС

Назира ШАЙЛИЕВА, Кара-Суу району

Бөлүшүү

Комментарийлер