КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

  • 12.02.2020
  • 0

ОшБИнин кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатуу максатында көчмө курс уюштурулду.

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

ОшБИнин директорунун орун басары А. Бабакулованын берген маалыматына таянсак,  учурда Ош билим берүү институту  санариптештирүүнүн жогорку деңгээлине жетүү үчүн талыкпай эмгектенип келүүдө.

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

  • 1 жаштагы баладан тартып 90 жаштагы карыяларга чейин интернет булактарын пайдаланып калган, мүнөт сайын өзгөрүүлөр менен толукталып жаткан илим менен техниканын заманында, чындыгында эле бул маселе олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Азыркы күн билим берүү кызматкерлеринен чоң өзгөрүүлөрдү талап кылууда. Учур маселесин өз убагында чечүү максатында РИПК и ПКнын директору Назира Дюшееванын, ОшБИнин жетекчиси Гульмира Турдубаеванын демилгелери менен региондордо дистанттык курстарды өткөрүүнүн алдын алып, ОшБИнин кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатуу максатында көчмө курс уюштурулду. Дистанттык курстун 1-күнүндө институттун кызматкерлери онлайн түрүндө каттоодон өтүштү.  Экинчи күндөн тартып беш күн онлайн тапшырмаларды аткарышты. Акыркы төртүнчү күндө РИПКнын директорунун орун басарыА.Шергазиев, кафедра башчысы профессор Т. Асанакунов,  инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Ж.Бектенова жана А.Темировдор институбузга келип, курстун семинар-практикалык бөлүктөрүн өткөрүп кетишти, — дейт А. Бабакулова.
  • КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

ОшБИнин бардык кызматкерлеринин бир мезгилде РИПКнын көчмө курстарынан өтүүсү, институт менен РИПКнын  санариптештирүүнүн өрүшүнө карай жасаган кызматташтыгынын  жаңы кадамдары болуп калды. Курс учурунда онлайн курстарынан өтүүнүн ийгиликтүү жана көйгөйлүү тараптарын  институт кызматкерлери алгач  өздөрү аркылуу сыноодон  өткөрүштү.

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

Өз ара кызматташуунун жаңы багыттарында РИПКнын директорунун орун басары А.Шергазиев, кафедра башчысы профессор Т. Асанакунов, институттун директору Г.Турдубаева менен жолугушуп, кызматташуунун жаңы багыттары боюнча пикир алышты. Аңгемелешүү учурунда алар ОшБИнин китепканасына   өздөрүнүн чыгарган автордук эмгектеринен  белекке калтырышты.                           РИПКдан келген лекторлор институттун кызматкерлерине лекцияларды өтүү менен эле чектелип калбастан, чыгармачыл мугалимдерге А.Шергазиев, кыргыз тили адабияты мугалимдерге Т.Асанакунов эки сааттык лекцияларды окуп чыгышты.

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

Ошондой эле А.Шергазиев, кафедра башчысы, профессор Т.Асанакуновдор курстан сырткаркы мезгилдерде институттун турмушу менен кеңири таанышып чыгышты. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кеп-кеңештерин беришти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер