КЫЗМАТТАШТЫК: ЖОЖДОРГО КВОТАНЫ КӨБӨЙТҮҮ ЖАНА ТИЛ СЫНАГЫН ЖОЮУ СУНУШТАЛДЫ

  • 19.11.2026

Бул демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен болгон жолугушууда көтөрдү.

КЫЗМАТТАШТЫК: ЖОЖДОРГО КВОТАНЫ КӨБӨЙТҮҮ ЖАНА ТИЛ СЫНАГЫН ЖОЮУ СУНУШТАЛДЫ

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, Россия тарап жыл сайын Кыргызстандын жарандары үчүн жогорку окуу жайларына 700 квоталык орун бөлүп келет. Марлен Маматалиев бул санды, айрыкча, Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерге бөлүнгөн орундардын эсебинен көбөйтүүнү сунуштады. Ошондой эле ал академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнүн, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун жана биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КЫЗМАТТАШТЫК: ЖОЖДОРГО КВОТАНЫ КӨБӨЙТҮҮ ЖАНА ТИЛ СЫНАГЫН ЖОЮУ СУНУШТАЛДЫ

Жолугушууда мектеп окуучуларына тиешелүү маселелер да каралды. Тактап айтканда, төрага: кыргызстандык балдарды Россиянын мектептерине кабыл алууда милдеттүү тил сынагынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну; Кыргызстандын мектептеринин базасында алдын ала тестирлөө жана консультация берүү борборлорун ачууну сунуштады.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган 9 мектепти куруу боюнча биргелешкен долбоор үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Г.А., «КБ»

 

Бөлүшүү