КЫЗМАТТАШТЫК – ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 17.10.2025
  • 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен билим берүү мекемелеринин өнөктөштүгү – квалификациялуу кадрларды даярдоодо маанилүү багыт болуп эсептелет.

КЫЗМАТТАШТЫК – ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

 №100 кесиптик лицейинин жетекчиси Индира Куралбековна менен болгон жолугушууда шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана борбор калаанын энергетикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган жумушчу кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Бүгүнкү күндө лицейдин бүтүрүүчүлөрү Бишкек шаарынын жылуулук берүү системасындагы кадрдык тартыштыктын ордун толтурууга өз салымдарын кошуп жатышат. Ал эми студенттер дуалдык окутуунун алкагында ишканаларда практика өтүшөт.

Заманбап «жашыл энергетика» боюнча Окуу борборун ачууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул борбор “жашыл шаар” демилгесин ишке ашырууга адистерди даярдоодо маанилүү кадам болот. Ошондой эле, лицейдин базасында ачыла турган Кыргыз–Түрк маданий борборуна даярдык талкууланды. Бул борбор эл аралык кызматташууну жана маданий алмашууну чыңдоонун аянтчасына айланмакчы.

Мэрия менен кесиптик билим берүү системасынын кызматташтыгы – туруктуу өнүгүүнүн жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн негизин түзөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер