КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 21.05.2024
  • 0

КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы (СУАР) жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылына карата бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга жана тил такшалмасын өтүү үчүн конкурс жүрүп жаткандыгын маалымдайт.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/  онлайн системасында “2024-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, ошондой эле 2024-жылдын 10-июну саат 23:59га чейин талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Эскертүү! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

 Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду [email protected]

электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Толук маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/398/

Бөлүшүү

Комментарийлер