КЫТАЙДАН АТЧАН ЧЫККАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН НАРЫН ЖУРТЧУЛУГУ САЛТАНАТ МЕНЕН ТОСУП АЛУУДА
- 25.05.2026
- 0
2026-жылдын 3-май күнү Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан кыргыз кыздары Риза жана анын сиңдиси Гүлсанат Аккула Телкызыл аттуу тулпарларын минип, тарыхый жана руханий мааниси чоң сапарга аттанышкан. Алардын негизги багыты — ата журт Кыргызстанга атчан жетип келүү болду.

Үч жумага созулган бул сапар бою кыргыз кыздарын Кытайдагы кыргыз туугандары зор сый-урмат менен тосуп алып, узатып турушкан. Жолдун ар бир бөлүгүндө аларга ак жол каалап, улуттук салт-санаага ылайык урмат көрсөтүлгөнү кабарланууда.

Бүгүн, 25-май күнү, Риза менен Гүлсанат Кыргызстан аймагына өтүп келишет. Алардын келиши кыргыз эли үчүн маданий жана руханий жактан маанилүү окуялардын бири катары кабыл алынууда.
Кыргызстан тараптан дагы бул сапарга өзгөчө көңүл бурулуп, туугандык ынтымактын, улуттук биримдиктин символу катары кеңири даярдыктар жүргүзүлдү. Талас облусунан алты жигит атчан чыгып, кыргыз кыздарын Нарын жергесинен тосуп алуу үчүн жолго аттанышкан. Алар алты күндүк сапар менен Нарынга чейин жетип келишти.
Нарын облусунун эли дагы конокторду тосуп алууга кызуу камынууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Нурбек бул иш-чараны өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.
Аларды “Торугарт” чек көзөмөл пунктунан Ат-Башы районуну акими Мухтар Шербаев тосуп алды. Ат-Башынын Муз-Төр чек арасына жакын аймакта боз үйлөр тигилип, келген меймандарды салттуу кыргыз үрп-адаттары менен тосуп алуу үчүн атайын маданий аянтчалар даярдалууда. Иш-чара 25–26-май күндөрү уланат.
Программада кыргыз элинин бай маданиятын чагылдырган улуттук каада-салттар, ат оюндары, элдик ыр-күүлөр жана концерттик көрсөтүүлөр орун алмакчы. Бул саамалык бир тууган кыргыздардын байланышын бекемдеген, улуттук баалуулуктарды даңазалаган өзгөчө окуя катары бааланууда.

Риза менен Гүлсанаттын атчан сапары — жөн гана жол жүрүү эмес, бул дүйнөнүн ар тарабында жашаган кыргыздардын руханий биримдигин, тарыхый тамырын жана ата журтка болгон сүйүүсүн айгинелеген маанилүү символ болуп калды.
Бурулкан Кенжебекова «Кут Билим»
Комментарийлер