КЫТАЙ ӨКМӨТҮНҮН СТИПЕНДИЯСЫ АРКЫЛУУ 11 ЖАРАН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛЫНДЫ
- 13.07.2023
- 0
2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын 11 жараны Кытай өкмөтүнүн стипендиясы аркылуу жогорку окуу жайларга кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алар:
- Шоола Сапарбаева – Цзинань университети (Jinan University);
- Алия Ниязова – Пекин тил жана маданият университети (Beijing Language and Culture University);
- Алтынай Атагелдинова – Сунь Ят-сен университети (Sun Yat-sen University);
- Баянсулуу Байышева – Шанхай чет тилдер университети (Shanghai International Studies University);
- Саадат Дөөлөтбекова – Шанхай чет тилдер университети (Shanghai International Studies University);
- Венера Дайырбекова – Сиань Цзяотун университети (Xi’an Jiaotong University);
- Екатерина Дроздова – Фудань университети (Fudan University);
- IAN KHUNG DZHUI – Сиань Цзяотун университети (Xi’an Jiaotong University);
- Нуржигит Хабилидин уулу – Цинхуа университети (Tsinghua University);
- Нурзида Келгенбаева – Пекин тил жана маданият университети ( Beijing Language and Gulture University);
- Нурай Кубанычбекова – Пекин тил жана маданият университети ( Beijing Language and Gulture University);
Буга чейин 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун стипендиясы программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кыргызстандык 10 жаран кабыл алынган.
Кытай тараптан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 стипендия бөлүндү.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер