«КЫТАЙ БАЛДАР АДАБИЯТЫНА САЯКАТ»
- 08.12.2022
- 0
Бүгүн Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Кытай балдар адабиятына саякат» аттуу кытай балдар жазуучуларынын китептеринин бет ачары болду.
Анда «Чоң Баш уул жана Кичине Баш ата», «Панда тууралуу повесть», «Ма Лиаңдын сыйкырдуу кыл калеми» жана «Инспектор Кара Мышык» чыгармалары тууралуу жаш окурмандарга маалымат берилди.
Мындан тышкары, кытай балдар жазуучуларынын айрым чакан чыгармаларынын негизинде кенже класстардын окуучуларынын арасында уюштурулган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү дагы аныкталып, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.
Иш-чарага кыргыз балдар жазуучулары, мугалимдер, жаш окурмандар катышты. Иш-чаранын максаты — балдарды китеп окууга кызыктырып, китепти сүйүүгө, андан тарбия алууга, чыгыш адабияты менен таанышууга үндөө.
Комментарийлер