КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ УЛАНУУДА

  • 16.02.2024
  • 0

Учурда республика боюнча бала бакча жетишсиз аймактарда, айрыкча, айылдарда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууга даярдыктар кызуу жүрүп жатат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн жарандар менен иштөө жана коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматовдун билдирген маалыматы боюнча буга чейин тандалып алынган 560 объектинин 255инде оңдоп-түзөө иштери аяктап, 290унда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Калган 270 объектисинде ирети менен тендер жарыяланууда.

— Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан бул долбоор жергиликтүү бийлик өзү сунуштап, тизмеге кирген имаратты ремонттон өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзүп берет. Ал эми Дүйнөлүк Банк заманбап балдар аянтчасын бала бакча үчүн керектүү болгон бардык каражаттар, алсак, шкаф, стол, стул, килем, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор менен камсыздайт. Азыркы күндө 289 объектиге оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары жеткирип берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба ырайы шартына карап жүрүп жатат, — деп билдирди.

Эске салсак, долбоордун шарты боюнча жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган, бирок авариялык абалдагы эмес мамлекеттик же муниципалдык имаратты сунуштайт, ал эми Дүйнөлүк Банк аларды керектүү эмеректер, окутуу-өнүктүрүү куралдары, тариячылар үчүн колдонмолор менен камсыздап берет.

Маалыматка ылайык, 144 объектиде эмеректер да орнотулду. Аймактар боюнча алып карасак, Ош облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 85 жана Чүй облусунда – 3 имарат кыска мөөнөттүү бала бакчага ылайыкташтырылган. Ошондой эле бул бакчаларга жаңыдан жумушка алына турган 700 тарбиячы окутуудан өткөрүлмөкчү. Тарбиячылар тренингдин биринчи этабынан өтүштү.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүүчү кыска мөөнөттү 500 бала бакчалардын жайгашуу картасы:

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ УЛАНУУДА

“Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлүүчү кыска мөөнөттү 60 бала бакчанын жайгашуу картасы:

  • Чүй облусу – 9;
  • Ошоблусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен – 4;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Талас облусу – 11;

Бала бакчалар кандай шартта иш алып барат?

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болот, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. 10 сааттык салттуу жана кыска мөөнөттүү бала бакчада балдарды өнүктүрүү программасы окшош “Балалык программасына” бирдей убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Бакчанын эки тибинде тең балдарга билим жана тарбия берүү оюн аркылуу өнүгүү каралган.

Бир бала бакчага канча бала кабыл алынат?

Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү келет жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат. Мисалы, жергиликтүү бийлик бир бөлмө үчүн өтүнмө берсе, демек ал жерде бир тайпа ачылат (25 бала) жана нөөмөт менен 50 баланы камтый алат. Эгер, эки бөлмө сунушталса, 100, үч бөлмө сунушталса, 150 баланы камтыса болот.

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга 3-5 жаш курактагы балдар акысыз кабыл алынат. Жалпы 20 миңден 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган. Каалоочулар күндүн биринчи бөлүмүн же экинчи бөлүмүн тандап бара берсе болот.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер