КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДА ОҢДОО ИШТЕРИ КЫЗУУ УЛАНУУДА

  • 26.09.2023
  • 0

Республика боюнча түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын 133үндө жана мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборлорунун 29унда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери дээрлик бардык облустарда уланууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, бул обьектилердин айрымдарында оңдоп-түзөө иштери аякталса, айрымдарында жумуш кызуу жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратта ремонт башталат. Эки долбоорго кошулган башка обьекттерде жумуштар тендер процедуралары аяктагандан кийин улантылмакчы.

— Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында республика боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзүлөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, долбоорго кирген имараттардын ар биринде капиталдык оңдоп-түзөө, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү иштери аткарылат. Андан сырткары эмерек, килем, оюнчуктар, дидактикалык жана методикалык материалдар менен камсыздалат” — дейт.

Маалыматка ылайык, бул бала бакчаларда заманбап балдар аянтчалары курулат жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болот, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнүп берилет, анда бирок уйку жана тамак берүү каралбайт. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана үч сааттык болгондугуна байланыштуу балдарды эки нөөмөт менен эки эсе көп кабыл алат.

Кошумчалай кетсек, кыска мөөнөттүү 560 бала бакча менен 3-5 жаш курактагы 20 миңден 40 миңге чейин баланы камтуу каралган.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер