“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 11.05.2020
  • 0

Ош облустук «Манас жаштары» уюму облустагы 530дан ашуун мектептерде өз ишин жүргүзүп келет. Уюмдун жылдык планынын негизинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Кырк чоро — 2020» облустук кароо-сынагы учурдагы шартка байланыштуу аралыкта жыйынтыкталды.

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«Манас жаштары» уюмунун облустук кеңешинин жооптуу катчысы Батма Исакованын берген маалыматына таянсак, облустук сынакка жети район жана Өзгөн шаарынан биринчи орунга чыккан мектептердин «Манас жаштары» уюмунун топтору катышышты.

— Чоң-Алайдан Алайчы уулу Саит атындагы, Алай районунан Э.Мурзаев атындагы, Кара-Кулжа районунан «Тогуз Булак», Кара-Суу районунан Ж.Атабаев атындагы, Ноокат районунан Ж.Боконбаев, Араван районунан М.З.Бабур атындагы, Өзгөн районунан Б.Асранкулов атындагы, Өзгоө шаарынан №7 гимназиямектебинин «Манас жаштары» уюмунун топтору катышты, — дейт Б.Исакова.

Сынакта мектептин «Манас жаштары» уюмунун лидер окуучуларынын жүргүзгөн иштери боюнча уюмдун презентациясы, аткарылган иш-чаралар боюнча ардагерлерге көрсөтүлгөн камкордуктар боюнча видеослайддар көрсөтүлдү.

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Сынакка катышып жаткан топтордун ар бири жогорку даярдыкта келгендигин атайын түзүлгөн калыстар тобу баалап, өзгөчөлүктөрүнө баа беришти. Облустук сынакка катышкан мектептердин буга чейинки иштери; уюмдун өткөргөн семинарлары, республикалык жана эл аралык сынактарга катышуусу, документация иштеринин ырааттуу жүргүзүлүшү эсепке алынды. Жыйынтыгында «Мекенчил топ», «Аракетчил топ», «Креативдүү топ», «Чыгармачыл топ», «Үлгүлүү топ», «Демилгечи топ», «Таланттуу топ», «Жаңычыл топ» номинациялары берилип, «Жылдын мыкты президенттери» аныкталды, — дейт уюмдун катчысы.

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“КЫРК ЧОРО – 2020” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Уюмдун облустук кенеши тарабынан жеңүүчүлөргө дипломдор менен баалуу сыйлыктар тапшырыларын «Манас жаштары» уюмунун облустук Кеңешинин төрагасы Назаров Рахманберди Найманович билдирди.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер