КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдору ПУАТЬЕ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

  • 18.04.2023
  • 0

14-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов Пуатье университетинин өкүлдөрү менен КУУнун кызматкерлеринин тобунун 20-24-февралда Францияга болгон сапарынын жыйынтыгын талкуулады.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдору ПУАТЬЕ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

Пуатье университетинин делегациясынын жетекчиси, лингвистика жана филология факультетинин профессору, Борбордук Азия жана Италиянын университеттери менен алмашууга жооптуу Личия Бажини келерки окуу жылында 4 студент Францияга окууга барарын жана француз тилин үйрөнүү боюнча магистрдик программанын долбоору тууралуу айтып берди.

КУУнун өкүлдөрү ювеналдык юстицияны кызматташтык чөйрөсүнө киргизүүнү сунушташты.

17-апрелде Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожабеков Пуатье университетинин делегациясы менен илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын, алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулады.

Ошондой эле тараптар “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө келишим түзүштү. Келишимге ылайык, ОшМУнун студенттери Пуатье университетинде семестр ичинде окуй алышат, ал эми окутуучулар эл аралык семинарларга катыша алышат.

Пуатье университетинин сайты — https://www.univ-poitiers.fr/en/

Маалымат булактары  — https://oshsu.kg/ru/news/1629

https://oshsu.kg/ru/news/1630

https://www.knu.kg/ru/index.php?option=com_content&view=article&id=9371:2023-04-14-09-13-23&catid=909:—011012&Itemid=1

Бөлүшүү

Комментарийлер