КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮҮДӨ

  • 25.11.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелери PISA-2025 эл аралык сынагына даярдык тестирлөөнү өткөрүүдө. Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк банкынын “Келечек үчүн билим” долбоорунун каржылык колдоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде жүргүзүлдү. Тестирлөөнүн негизги максаты – жалпы билим берүүчү мектептердин 4-8-класстарынын окуучуларынын билими, көндүмдөрү жөнүндө так жана пайдалуу маалыматтарды берүү.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮҮДӨ

Бишкек шаарынын № 24, №52, №69, №45, №13 жана башка мек-тептеринде 5-6-класстарынын окуу-чулары тест тапшырууда. Ал эми Кыргызстандын башка аймакта-ры сынакты белгиленген график-ке ылайык жума ичинде жүргүзүп баштаган.  Талас облусунун Манас районундагы А.Мадымаров атын-дагы орто мектебинде 6-класстын окуучуларына функционалдык са-баттуулугун аныктоо мониторин-ги жүргүзүлдү. Кара-Буура райо-нунун билим берүү бөлүмдөрүнүн маалыматына ылайык, райондогу бардык билим берүүчү мекемеле-ринде PISA-2025 сынагына каты-шуучу окуучулардан тест алынды.

Кадамжай району график боюн-ча 79 мектептин 6-класстарынын окуучуларын сынактан өткөрдү. Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чоң-Алай, Чаткал, Ноокат, Сокулук районунун №2 лицей мектебинде жана Муса Жангазиев атындагы №4 мектебин-де, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы №1 окуу тарбия комп-лексинде,  Шопоков шаарынын №1 гимназия мектебинде, Москва райо-нунда, Аксы, Нарын райондорунда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарын-да, Жайыл районунда, Талас шаары-нын №4 мектебинде жана башка ай-мактарда тестирлөө жүрүп жатат.

АЛЫСКЫ РАЙОНДУН АРАКЕТТЕРИ

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Семетей Садыковдун айтымында, райондогу жалпы  билим берүү  уюмдарында иштеген мугалимдер үчүн Иманберди уулу Иса атындагы  жалпы билим берүү  уюмунун базасында “PISA-2025  Эл аралык сынагына  катышуу – билим сапаттын жогорулашы” деген темада райондук масштабда семинар-тренинг өткөрдү.

Семинар-тренингде окуу, математикалык  жана табигый илимдер сабаттуулугу боюнча координациялык кеңештин  мүчөлөрү тарабынан практикалык иштер көрсөтүлгөн. Тренингдин жүрүшүндө окуучулардын мектепте алган  билимдерин бышыктоо, коомго болгон көз ка-рашын калыптандыруу жана логикалык аң-сезимдерин өнүктү-рүү багытындагы тапшырмалар кызыгуу менен аткарылды. Се-минарда 6-класстын окуучула-рынан тест алуу тапшырмала-ры боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында “PISA-2025” сынагына даярдык көрүү максатында  “Илимий техникалык  өнүгүү – коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү” деген темада семинар өткөрүлүп,  жыйынтыкталды. Бул семинарда математикалык сабаттуулук боюнча 6-          класстын мугалими Керемет Майрамбекова окуучуларга  маселе, ми-салдарды иштетти. Семинардын жүрүшүндө “PISA-2025” сынагына даяр-дык көрүү боюнча мугалимдер тарабынан  төмөндөгүдөй сунуштар ай-тылды: “PISA-2025” сынагына даярдык көрүү боюнча китепчелер, тест-тик тапшырмалар, ар бир сабаттуулук боюнча  усулдук  багыттамалар чыгарылса жакшы болмок.

22-     24-ноябрь күндөрү график боюнча жалпы 445 окуучудан тест алынып жаткан учур.

PISA-2025ГЕ ӨЗ АЛДЫНЧА ДАГЫ ДАЯРДАНСА БОЛОТ

Редакциядан:

Кыргызстанда көптөгөн билим берүү борборлору бар. Алар менен катарлаш NOVA билим берүү мекемеси дагы PISA-2025 эл аралык сынагына даярданууда өз салымын кошуп келүүдө. NOVAнын адистеринин айтымында, апробациядан өткөн, PISA багытындагы  тесттери бар. Ата-энелер балдарынын сабаттуу болушуна кызыкдар болсо, ал жактан дагы сынактан өтүп көрүүсү мүмкүнчүлүк катары каралат.

Төмөндө аталган мекеменин өкүлдөрүнө айрым суроолор менен кайрылдык.

Алтынбек ДҮЙШЕНАЛИЕВ,

NOVA билим берүү мекемесинин генералдык директору:

– Биздин мекеме үч жыл мурда эле PISAнын компо-ненттерин кошуп, 4-класс-тан баштап 9-10-класска че-йин балдарга жөнөкөй баа-лоонун жанында, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө жараша окуу түшүнүктүүлүгү боюнча, математикалык сабаттуулук, ал эми быйыл 5-6-класстар үчүн жалаң PISA тесттерин даярдадык. Анда та-бигый сабаттуулук, окуп түшүнүү сабаттуулугу жана математикалык сабаттуулук боюнча тесттер бар.

Бул тесттер каалоочулар үчүн даярдалган. Кыр-гызстандын бардык региондорунан барып тест алып жүрөбүз. Бирок массалык деңгээлде алуу үчүн мектеп жетекчилиги туура түшүнүп, ата-энелердин макулдугу жана кызыкдар болуусу шарт, анткени биз-дин тесттер бекер эмес, акылуу.

Бир тесттик топтомдо үч компонент камтылган. Артыкчылыгы – диагностикалык анализин кошо чыгарып беребиз. Ал болсо, окуучу кайсы жерден чабалыраак экенин көргөзүү менен, ошол багытта иштеш керек экенин  багыттайт.

Биздин мекеме бир гана тестирлөө эмес ЖРТга даярдоо менен дагы иштейт.

Азамат АМАНКУЛОВ,

NOVA билим берүү мекемесинин адиси:

-NOVA билим берүү мекемеси тарабынан жасалган тесттер атайын автомат машина менен текшерилет. Автомат бир минутада 100 тестти текшерет. Тесттин жыйынтыгы чыкканда, ар бир тема боюн-ча тереңдетилген анализ кылса болот. Ошонун негизинде каталардын үстүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. «NOVA» билим берүү мекемесинин автордук ки-тептерин сунуштайбыз. Биздин китептерде атайын голограмма бар, ал ките-бибиздин өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат. Мындан сырткары, ичинде уникалдуу код бар, ошонун негизинде тексттердин видеожоопторун көрө алса болот.

А.АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер