КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ FIRST GLOBAL CHALLENG 2026 ЭЛ АРАЛЫК РОБОТОТЕХНИКА МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШУУДА

  • 15.10.2026

2026-жылдын 7-октябрында Корея Республикасынын Инчхон шаарында FIRST Global Challenge 2026 эл аралык робототехника мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Эл аралык иш-чарага Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучулары да катышууда.

2026-жылдын 7–10-октябрында өтүп жаткан мелдеш дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүнөн келген жаш катышуучуларды бириктирди. Анын негизги максаты — окуучулардын робототехника, инженерия, программалоо жана инновациялык технологиялар жаатындагы билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Иш-чарага Корея Республикасынын расмий өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинин алкагында салттуу Улуттар парады уюштурулуп, анда Кыргызстандын улуттук командасы өлкөбүздүн атынан чыгып, эл аралык коомчулукка тааныштырылды.

FIRST Global Challenge мелдеши жаштарга өздөрүнүн техникалык иштелмелерин көрсөтүүгө, башка өлкөлөрдүн окуучулары менен тажрыйба алмашууга жана жаңы байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандык окуучулардын мындай эл аралык мелдештерге катышуусу жаш муундун илимге, инженерияга жана заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мындай демилгелер окуучулардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, инженердик жөндөмдөрүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүп, өлкөнүн келечектеги илимий-техникалык потенциалын чыңдоого багытталган.

Салия Жылдызбек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү