КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИНФОРМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА 16 МЕДАЛЬ ЖЕҢИШТИ

  • 11.05.2026
  • 0

2026-жылдын 15–17-апрель күндөрү өткөн IATI 2026 эл аралык информатика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар ийгиликтүү катышып, жалпы 16 медаль жеңип алышты. Онлайн форматта уюштурулган олимпиадага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн жүздөгөн окуучулар катышкан.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 3 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль багындырып, эл аралык деңгээлдеги жогорку даярдыгын көрсөттү.
Senior категориясында 285 окуучу күч сынашып, Кыргызстандан катышкан 16 окуучу 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль жеңишти.
Алтын медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу Ян Бобрус жеңип алды. Күмүш медалдар Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Нурислам Карипжановго жана “Сейтек СТЕМ” мектебинин окуучусу Али Араповго ыйгарылды. Ошондой эле кыргызстандык окуучулар бир катар коло медалдарды багындырышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИНФОРМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНДА 16 МЕДАЛЬ ЖЕҢИШТИ
Junior категориясында 155 окуучу катышып, Кыргызстандын атынан чыккан 16 окуучу 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утушту. Алтын медалдарды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкбаев жана Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan мектебинин окуучусу Бектен Абдувалиев жеңип алышты.
Олимпиададагы ийгиликтер жаш информатиктердин билим деңгээлинин өсүп жатканын жана кыргызстандык окуучулардын эл аралык атаандаштыктагы мүмкүнчүлүгү жогору экенин дагы бир жолу далилдеди.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеңүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын куттуктап, келечектеги мелдештерде дагы ийгиликтерди каалады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер