Кыргызстандын окуучулары APIO 2026 эл аралык олимпиадасында байгелүү орундарды алышты

  • 21.05.2026
  • 0

2026-жылдын 9–10-май күндөрү Тайванда 20-ирет уюштурулган Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасы — APIO 2026 өттү. Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 890го жакын окуучу катышты.

Кыргызстандын окуучулары APIO 2026 эл аралык олимпиадасында байгелүү орундарды алышты

Кыргызстандын атынан олимпиадага онлайн видеокөзөмөл форматында 26 окуучу катышып, жыйынтыгында 1 коло медаль жана 5 ардак грамота жеңип алышты.

Коло медалга 10-класстын окуучусу, «Сейтек STEM» мектебинин өкүлү Арапов Али ээ болду.

Кыргызстандын окуучулары APIO 2026 эл аралык олимпиадасында байгелүү орундарды алышты

Ал эми ардак грамоталар төмөнкү окуучуларга ыйгарылды: — Мананов Рамазан — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

— Айдарбеков Алихан — 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

— Баймырзаев Аруубек — 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи;

— Джаникеев Саид — 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;

— Кадыров Адилхан — 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи.

Окуучуларды олимпиадага Кылычбек Урайымов жана Медербек Осмонов даярдашкан.

Эл аралык олимпиадада ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөн окуучуларга жана алардын машыктыруучуларына мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана бийик жеңиштерди каалайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер