КЫРГЫЗСТАНДЫН ФИЗИКТЕРИ БАЛКАН ОЛИМПИАДАСЫНДА 4 КОЛО МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТТЫ
- 01.07.2026
- 0
Кыргызстандын окуучулары 27–30-июнь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн 8-Балкан физика олимпиадасында (Balkan Physics Olympiad – BPO 2026) укмуштуудай жыйынтык көрсөтүштү. Мелдешке өлкө атынан катышкан төрт окуучунун тең коло медаль тагынышы — ата мекендик билим берүү тарыхындагы өзгөчө ийгилик болуп калды.
Бул медалдар Кыргыз Республикасынын Балкан физика олимпиадасына катышуу тарыхындагы эң алгачкы сыйлыктар болуп саналат. Буга чейин мындай ири интеллектуалдык мелдеште курама команданын бардык мүчөлөрү бирдей сыйлыкка татыган учурлар сейрек кездешчү.

Биздин сыймыктар: Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча өлкө намысын коргогон төмөнкү окуучуларыбыз коло медалдарга ээ болушту:
- Марсель Касымов — «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Нурбол Мырзабеков — «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
- Умар Туташбаев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу; (Мугалим-машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Өмүрканов)
- Истеми Тазабеков — «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 9-классынын окуучусу. (Мугалим-машыктыруучулары: Салижан Кылычбеков, Дүйшөн Сатыбалдиев)
Улуттук курама команданы олимпиадага жетектеп барган топтун башчысы — белгилүү педагог Тургунбек Өмүрканов.
Мелдештин деңгээли
Бул жылы Стамбулда өткөн абройлуу мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 51 тандалган окуучу катышты. Алар физика илиминин эң татаал теориялык маселелерин чечүү боюнча өз ара күч сынашышты. Мындай атаандаштыкта 9-10-класстын окуучуларынан куралган биздин курама команда жогорку даярдыгын жана туруктуулугун далилдей алды.
«Кут Билимдин» маалымдамасы: Балкан физика олимпиадасы (BPO) — мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүүчү эң абройлуу эл аралык интеллектуалдык мелдештердин бири. Ал физикага кызыккан эң таланттуу жаштарды аныктоого, аларды колдоого жана табигый-илимий багыттагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
«Кут Билим» гезитинин эмгек жамааты кыргыз илиминин туусун эл аралык аренада бийик желбиреткен жаш физиктерибизди, алардын ата-энелерин жана өжөрлүк менен даярдаган мугалим-машыктыруучуларын ушул тарыхый жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиздердин ийгилик — өлкө келечегинин ийгилиги!
Комментарийлер