Кыргызстандын ардактуу архитектору Равиль Муксинов дүйнөдөн кайтты

  • 13.09.2023
  • 0

Кыргызстандын ардактуу архитектору Равиль Муксинов дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын архитекторлор коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады.

Белгилүү окумуштуу, архитектуранын доктору, профессор, Кыргыз- Россия славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, өлкөбүздүн ардактуу архитектору Равиль Мунировович Муксинов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Равиль Муксинов өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн архитектуранын теориясы менен тарыхына, Чыгыштын архитектуралык мурастарын изилдөөгө, жарандык турак жай имараттарын жана курулуштарын долбоорлоого арнаган.

Талантуу архитектор Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына, Ленинградда блокадада калгандарга арнап, Кыргызстанда жана башка жерлерде көптөгөн архитектуралык комплекстерди, монументтерди, эстеликтерди жасаган.

Р.М. Муксинов сиңирген эмгеги үчүн Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын бир нече мамлекеттик сыйлыктарына татыган. Ал Улуу Екатерина ордени, Кыргыз-Россия славян университетинин башкы корпусунун маңдайындагы А.С. Пушкиндин эстелиги үчүн “Пушкин медалы” аттуу РФ Президентинин мамлекеттик сыйлыгы, издөө жана мемориалдык иши үчүн Россиянын Коргонуу министрлигинин артыкчылык белгиси менен, архитектура жана шаар куруунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КР Президентинин Ардак грамотасы жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер