КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК «ЖАШ ПЕДАГОГ – 2026» ЛАГЕРИНЕ КАТЫШТЫ

  • 25.06.2026
  • 0

2026-жылдын 22–25-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Акмола облусундагы Бурабай курорттук аймагында өткөн эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине Кыргызстандан Ноокат райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Айпери Кенеш кызы жана баштапкы уюмдардын төрагалары катышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК «ЖАШ ПЕДАГОГ – 2026» ЛАГЕРИНЕ КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК «ЖАШ ПЕДАГОГ – 2026» ЛАГЕРИНЕ КАТЫШТЫ

Маалыматка ылайык, эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаш педагогдор жана кесиптик бирлик активисттери катышты. Иш-чара жаш мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, тажрыйба алмашуу, кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулду.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭЛ АРАЛЫК «ЖАШ ПЕДАГОГ – 2026» ЛАГЕРИНЕ КАТЫШТЫ

«Жаш педагог – 2026» лагеринин ачылышында Казакстан Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин, Казакстан Республикасынын билим берүү, илим жана жогорку билим кызматкерлеринин тармактык кесиптик бирлигинин төрайымы Айгүл Мукашева жана башка коноктор сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер