КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БИРИНЧИ ЖОЛУ WORLDSKILLS ЭЛ АРАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТ

  • 10.09.2024
  • 0

10-15-сентябрда Кыргыз командасы Франциянын Лион шаарында өтө турган WorldSkills кесиптик чеберчиликтердин 47-эл аралык чемпионатына катышат.

Таймашта Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипова “Ашпозчулук иши” категориясында, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинен Наргиза Жолдошбай кызы “Мода технологиясы” категориясында, Беловодск айылындагы №28 кесиптик лицейден Элдар Бакиров “Ширетүү технологиясы” категориясында ат салышат.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БИРИНЧИ ЖОЛУ WORLDSKILLS ЭЛ АРАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТ

Алар 2024-жылдын февраль айында Билим берүү жана илим министрлиги, KASEF коомдук фонду тарабынан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн WorldSkills Кыргызстан I улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрү.

WorldSkills Lyon-2024 чемпионатында 70ге жакын өлкөдөн жана аймактардан келген 1400 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Эскерте  кетсек, 2023-жылы Кыргыз Республикасы WorldSkills эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болгон.

Аталган чемпионаттын  ачылыш аземин https://worldskills2024.com/en/live-streaming/ сайтынан түз эфирде көрө аласыздар.

Бөлүшүү

Комментарийлер