КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МАТЕМАТИКТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ ЖЕӉИШТЕРИ

  • 29.09.2020
  • 0

 

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МАТЕМАТИКТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ ЖЕӉИШТЕРИ

21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча эл аралык олимпиада өткөрүлдү.  Кезектеги  61-эл аралык математикалык олимпиадада Кыргызстандын курамынан Эрдан Апиев коло медалга ээ болсо, Абдирасулов Адильбек жана Эсенгулов Эрбол мактоо баракчаларына ээ болушту.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө  аткаруу шарты коюлган. Олимпиадага 5 континенттен 100 ашуун өлкө катышты.

 

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МАТЕМАТИКТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ ЖЕӉИШТЕРИ

Бул жылы Кыргызстандын рейтинги 15 баскычка көтөрүлүп, окуучулар мурунку жылга салыштырмалуу 2 эсе көп упай чогултушту. Улуттук курама  машыктыруулар Мамат Ишматов (№ 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин машыктыруучусу), Мурат Абдувалиев (Unite education негиздөөчүлөрүнүн бири, 2000-жылы коло мадалдын ээси) жана Мохаммед-Алинин (Принстон университетинин студенти, 2016-2017-жылдары эл аралык олимпиаданын 2 алтын медалынын ээси) жетекчилиги астында даярдыктан өтүшкөн. Альтернативдик негизде көрүлгөн даярдык өз натыйжасын берди.

 

Жакынкы күндөрү Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жеңүүчүлөр жана алардын ата-энеси менен жолугушуу өткөрүп, атайын белектерди ыйгарат. Эл аралык аренада өлкөнүн намысын талашкан окуучулар мындан ары да колдоого алынат.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер