КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МАТЕМАТИКТЕР ГРЕЦИЯДА БЕШ МЕДАЛЬ ТАГЫНЫШТЫ

  • 12.05.2026
  • 0

Кыргызстандын окуучулары эл аралык аренада кезектеги ийгилигин жаратышты. 3-майдан 8-майга чейин Грециянын Салоники шаарында өткөн 43-Балкан математикалык олимпиадасында (BMO 2026) биздин курама команда беш коло медалга ээ болду.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ МАТЕМАТИКТЕР ГРЕЦИЯДА БЕШ МЕДАЛЬ ТАГЫНЫШТЫ

Быйылкы билим таймашына дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 148 эң күчтүү окуучу катышты. Кыргызстандын намысын коргогон алты окуучунун бешөө байгелүү орундарга илинип, өлкө куржунуна коло медалдарды алып келишти.

  • Султан Мусаходжаев – «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
  • Ариет Акимов – «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу;
  • Арлан Саят – «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу;
  • Тимур Акенеев – «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу;
  • Нурахмед Дооронбеков – Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу.

Ошондой эле Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу Даниель Тологонов да команданын курамында татыктуу катышты. Окуучуларды бул сынакка Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу, Сусарбек Байбаев жана Шумкарбек Абдураимов өңдүү тажрыйбалуу машыктыруучулар даярдашкан. Ал эми команданы Айдин Асанкадыров менен Шумкарбек Абдураимов жетектеп барышты.

Кыргызстан бул престиждүү олимпиадага сегизинчи ирет катышып жатат. Белгилей кетчү жагдай, өлкөбүздүн тарыхында бул мелдеште жалпы 17 медаль бар болсо, анын 14ү дал ушул акыркы үч жылда (2024–2026) алынган. Бул көрсөткүч биздин мектеп математикасынын деңгээли кескин өсүп жатканынан кабар берет.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Балкан математикалык олимпиадасы — бул жөн гана мелдеш эмес, таланттуу жаштардын тажрыйба алмашуу аянтчасы. Ошондой эле ал дүйнөдөгү эң ири Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) карата башкы даярдык баскычы болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер