КЫРГЫЗСТАНДЫК ЫКТЫЯРЧЫ КЫЗ

  • 11.09.2024
  • 0

Бегимай Абылкасиева Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 3-курста окуйт. Ал — Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көмөктөшүп жаткан кыргызстандык 10 студенттин бири.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЫКТЫЯРЧЫ КЫЗ

Бегимай буга чейин эле окуп жүргөндө эл аралык долбоордо ыктыярчы болчу.

— Мурда ыктыярчы болуп иштеп калган үчүн  ыктыярчыларга сынак жарыяланганда дароо катыштым. Резюмем жактырылып, аңгемелешүүгө чакырышты. Англис тилин билгеним да мага чоң жардам болду, — дейт Бегимай.

Кыргызстандык ыктыярчы кыздын айтымында, уюштуруучулар Кыргызстандан 10 студентти тандап алышкан.

— Биз Астанага 5-сентябрда келдик. Үч күн даярдыктан өттүк. Конок үйүндө туруп, ар кимибиз өзүбүзгө бөлүнгөн жерде бул иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшүп жатабыз, — деди ыктыярчы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер