КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДА

  • 05.04.2024
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДАИШЕНБЕК МУРАТБЕК УУЛУ  ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕ УТТУ

Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы  Таиланд өлкөсүнүн Пхукет шаарында  өтүп жаткан лицензиялык дүйнө чемпионатынын мелдештерине катышууда. Париж олимпиадалык оюндарына жолдомо утуп алуу үчүн упай топтоочу мелдештер 27-март күнү башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат.

4-мартта кыргызстандык чоюн билек балбан Ишенбек Муратбек уулу Таиланддагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДАИшенбек  А тайпасында 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууларга катышып, дүйнөдөн тандалган 10 спортчу  менен мөрөй талашты.

Натыйжада Ишенбек Муратбек уулу жулкуп көтөрүүдө эки гана аракетти жыйынтыктап, 122 кг салмактагы оордукту багындыра алды. Күч сынашуунун жыйынтыгы боюнча ал орто 6-орунду ээледи.

Штанганы түркүп көтөрүүдө кыргызстандык 3 аракетти тең ийгиликтүү аткарып, 172 килограмм салмакты көтөрүп, кичи күмүш байгеге ээ болду.

Эки дисциплинанын жыйынтыгында 294 кг салмак болуп, Муратбек уулу байгелүү  үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДАа Буга чейин 73 кг чейинки салмакта Эльзар Таиров өлкө намысын коргоп, байгелүү орунга илинбей калды.

Кыргызстандын курама команданын тизмеси:

— 102 кг Бекдөөлөт Расулбеков;

— 89 кг Эмил Молдодосов;

— 67 кг Ишимбек Муратбек уулу;

— 73 кг Эльзар Таиров;

— 96 кг Нурсултан Тармалов.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДА-Оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Бекдөөлөт Расулбеков 27 жашта. Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 6-орунду ээлеген. 2022-жылы Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында коло байге уткан.  Бекдөөлөт Расулбеков 9-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон. 89 килограмм салмакта эл аралык аренада Кыргызстанды таанытып жүргөн 23 жаштагы Эмил Молдодосовдон дагы спорт адистери үмүт кылып турабыз. Ал дагы Азия чемпионттарында, Ислам шериктештиги оюндарында күмүш, коло байге уткан балбандардын бири. Ушул эки спортчубуз дүйнөлүк рейтингде 10 мыктынын катарына кирип, арбын упайга ээ болсо Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышы ыктымал, -дейт Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДАКелечегинен көптү үмүт жандырган 20 жаштагы Нурсултан Тармалов февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 96 кг салмакта коло байге уткан. Ал дагы дүйнө чемпионатына алгач ирет катышууда

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР ТАИЛАНДДА ТАЙМАШУУДАКурама команда башкы машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устаттар Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер