КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР РЕКОРДДУК МЕДАЛДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ
- 26.05.2026
- 0
Акыркы күндөрү Ата мекендик билим берүү тармагынан биринин артынан бири кубанычтуу кабарлар келүүдө. Биздин окуучулар биология жана математика боюнча өткөн эки ири эл аралык мелдеште өлкө куржунуна кезектеги медалдарды алып келишти. Жаш таланттар Сочиде өткөн олимпиадада гана эмес, Европанын татаал математикалык мелдешинде да өздөрүнүн бийик деңгээлин көрсөтө алышты.
СОЧИДЕГИ ТРИУМФ: БИОЛОГДОРДОН 7 МЕДАЛЬ
Үстүбүздөгү жылдын 15-22-май күндөрү Сочи шаарындагы «Сириус» билим берүү борборунда биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO-2026) ачык эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн келген 100дөн ашык эң мыкты жаш биологдор күч сынашкан бул мелдеште Кыргызстандын курама командасы өзгөчө натыйжа көрсөттү.
Биздин алты окуучубуз тең куру кол кайткан жок. Жеке эсепте балдар 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты:
- Алтын: Дмитрий Рубан («Сейтек» STEM мектеби, 11-класс);
- Күмүш: Нурсултан Увалиев («Сейтек» STEM мектеби, 12-класс);
- Күмүш: Улукбек Русланбеков («Сейтек» STEM мектеби, 10-класс);
- Күмүш: Атахан Исираев («Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, 11-класс);
- Күмүш: Анатай Нурланов (Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеби, 10-класс);
- Коло: Эржан Асанов (Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс).
Мындан тышкары, командалык рухтун күчтүүлүгүн далилдеп, балдарыбыз топтук долбоорлор корголгон Project Round этабында да дагы бир алтын медалды жеңип алышты. Бул ийгиликтин артында окуучулардын эмгегинен сырткары, аларды мелдешке даярдаган башкы машыктыруучу Асхатбек Темиркуловдун чоң салымы бар.
ЕВРОПА КУБОГУНДАГЫ ТУРУКТУУЛУК: МАТЕМАТИКТЕРДИН КОЛО БАЙГЕСИ
Параллелдүү түрдө Хорватиянын жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган, 14 жылдык тарыхы бар эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасынын жыйынтыгы да белгилүү болду.
Бул интеллектуалдык таймаш Junior жана Senior деп аталган эки жаш курактык категорияда өтөт. Катышуучуларга алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы боюнча эң татаал делген 4 маселени чечүү үчүн болгону 4 саат убакыт берилет. Мына ушундай чыңалууда биздин үч окуучубуз коло байгеге татыктуу болушту:
- Нурайым Мухаматнабиева (10-класс, «Акылман» президенттик лицейи). Машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу;
- Камила Алиярова (10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби). Машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу;
- Адилет Шакиралиев (Купуев академиясы). Машыктыруучусу: Шумкарбек Абдураимов.
Маалымат үчүн: Кыргызстан бул абройлуу математикалык мелдешке 2022-жылдан бери катышып келет. Төрт жылдын ичинде өлкөбүздүн жалпы эсеби 3 күмүш жана 5 коло медаль менен толукталды.
Бул жеңиштер — ата-энелердин үмүтүн актаган, мугалимдердин мээнетин баалаган жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын эл аралык деңгээлде дагы бир жолу тастыктаган чоң ийгилик. Илим жолунда алгачкы ишенимдүү кадамдарын таштаган жаштарыбызды куттуктайбыз!
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”















Комментарийлер