КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ТАТЫДЫ
- 14.02.2023
- 0
2023-жылдын 1-февралынан 10-февралына чейин математика, физика жана информатика (IZHO) боюнча 19-Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү.
Математика боюнча Кыргызстандын атынан жети команда, ал эми үч окуучу жеке катышты.
Өткөн жылдары IZHO олимпиадасында Кыргызстандан 10, 11-класстын окуучулары медаль алып келишкен болсо, быйылкы жеңүүчүлөрдүн арасында 7, 8, 9-класстын окуучулары да бар.
Эл аралык Жаутыков олимпиадасы физика-математика класстарынын окуучуларынын командалык мелдеши.
Ар бир команданын курамында 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 жетекчи бар. Бул жылы окуучулар жекече катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. 10 күн аралыгында 26 өлкөдөн 281 команда, 1200дөн ашуун окуучу катышкан олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болду.
Казакстандын студенттери үчүн олимпиада оффлайн режиминде өттү, калган окуучулар видеокөзөмөлдүн астында онлайн катышты.
Катышуучулардын тизмеси:
№ | Аты-жөнү | Мектептин аталышы, классы | Предмет | Медаль |
1 | Тилек Аскербеков | “ЮВИС” (United World International School) Эл аралык мектеби, 12- класс | Математика | Күмүш медаль |
2 | Фёдор Корнияш | Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейи, 6-8-класс | Математика | Күмүш медаль |
3 | Назар Киргизбаев | Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейи, 9-класс | Математика | Коло медаль |
4 | Искен Кенжебаев | К. Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 10-класс | Математика | Коло медаль |
5 | Эльдар Искандеров | Ч. Айтматов атындагы лицей, 11- класс | Математика | Коло медаль |
6 | Нурсултан Эшперов | “Газпром Кыргызстан” мектеби, 9-класс | Математика | Коло медаль |
7 | Ян Бобрус | “Газпром Кыргызстан” мектеби, 7 класс | Информатика | Коло медаль |
8 | Айдар Мундузбаев | Ч. Айтматов атындагы лицей, 11- класс | Информатика | Алтын медаль |
9 | Тенгиз Беккойонов | К. Баатыр атындагы Жалал-Абад лицей, 11-класс | Информатика | Күмүш медаль |
10 | Байторо Майрамбеков | “Манас Ата” атындагы Талас лицейи, 10-класс | Информатика | Коло медаль |
11 | Максат Темирбеков | “Кут Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс | Информатика | Коло медаль |
12 | Исхак Тажибаев
| “Кут Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс | Информатика | Коло медаль |
Комментарийлер