КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ МЕНДЕЛЕЕВ ОЛИМПИАДАСЫНАН КОЛО МЕДАЛЬ АЛДЫ
- 17.05.2022
- 0
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль алды.
2022-жылдын 9-16-майында Ташкент шаарында өткөрүлгөн 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасына 16 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышты. Ага Кыргызстандан 6 окуучу катышкан.
Мелдештин катышуучулары эки теоретикалык жана бир эксперименталдык турларда билим деңгээлин көрсөтүштү.
“Эл аралык химиялык олимпиада ЮНЕСКО тарабынан Химия боюнча эл аралык олимпиада менен бирдей деңгээлде катары таанылды” – деп белгиледи олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы, Москва Мамлекеттик университетинин химия факультетинин деканы, Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Степан Калмыков .
Бөлүшүү
Комментарийлер