КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

  • 10.12.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү. Аталган олимпиаданын Бишкектеги № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

  1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т. Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;
  2. Бишкек шаарынын № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;
  3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер