Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду

  • 06.10.2023
  • 0
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду

WW 76kg — Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду. Ал финалдык беттеште казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшүп, аны 7:4 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.

76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштаган. Биринчи кармашында ал кытайлык спортчуну 2:1 эсебинде утту. Чейрек финалда вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Айпери Медет кызы Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен кез келип, аны да мөөнөтүнөн мурда жеңди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер