КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ

  • 17.11.2022
  • 0

Кыргызстанда кесиптик лицейлерде 32 миң 794 окуучу, орто кесиптик окуу жайларында 92 миң 870 студент жана жогорку окуу жайларында 213 миң 394 студент окуйт.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ

Кесиптик лицейлерде жалпы 32 миң 794 окуучу билим алат. Чүй облусунда – 6 миң 289, Бишкек шаарында – 6 миң 111, Жалал – Абад облусунда– 5 миң 502, Баткен облусунда– 4 миң 030, Нарын облусунда –3 миң 329, Ысык-Көл облусунда –3 миң 048, Ош шаарында –1929, Ош жана Талас облустарында –1278ден окуучу.

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин көпчүлүгү “билим берүү”, “саламаттыкты сактоо” жана “экономика” адистиктери боюнча билим алышат.

Орто кесиптик окуу жайларында жалпы 92 миң 870 студент билим алат. “Саламаттыкты сактоо” — 18 миң 979, “билим берүү” — 18 миң 38, “экономика” — 12 миң 832, “компьютердик технологиялар” — 11 миң 58, “укук” — 6 миң 642, “транспорт” — 4 миң 179, “энергетика” — 3 миң 83, “гуманитардык адистиктер” — 2 миң 869, “курулуш” — 2 миң 573, “айыл чарба” — 1968, “өнөр жай (жеңил, тамак-аш, кайра иштетүү, машина куруу ж. б.)” — 1817, “дизайн” — 1577,  “тоо-кен өнөр жайы” — 1566, “башкаруу” — 1460, “туризм” — 1422, “маданият жана искусство” — 1318, “коопсуздук” — 467, “байланыш” — 436, “тейлөө чөйрөсү” — 249, “жерге жайгаштыруу” — 217, “экология” — 120 студент окуйт.

Жогорку окуу жайларында жалпы 231 миң 394 студент билим алат. “Билим берүү” — 60 миң 715 “саламаттыкты сактоо” — 39 миң 851, “экономика” — 28 миң 441, “гуманитардык илимдер” — 21 миң 150, “юриспруденция жана укук” — 17 миң 970, “компьютердик технологиялар” — 15 миң 341, “башкаруу” — 9 миң 276, “өнөр жай (жеңил, тамак-аш, кайра иштетүү, химиялык, машина куруу ж. б.)”– 5 миң 570, “курулуш” — 5 миң 435, “энергетика” — 5 миң 318, “транспорт” — 4 миң 196, “тоо-кен өнөр жайы” — 3 миң 912, “айыл чарба” — 3 миң 937, “маданият жана искусство” — 2 миң 799, “туризм” — 2 миң 18, “техносфералык коопсуздук” — 1304, “табигый илимдер” — 1372, “байланыш” — 1028, “экология” — 869, “физика-математика илимдери” — 623, “аскердик билим берүү” — 269 студент окуйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер