Кыргызстанда жашоо минимуму 7,7 миң сомго жетти
- 16.10.2023
- 0
2023-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү 7 миң 756,46 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул сумма ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 79 сомго, 2022-жылдыкына салыштырмалуу 578 сомго жогору.
Жашоо минимумунун негизги бөлүгүн азык-түлүк корзинасы түзөт, анын үлүшү – 65%.
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 8 миң 671,54 сом, пенсионерлер үчүн – 6 миң 878,74 сом, балдар үчүн – 6 миң 598,05 сом.
Жашоо минимумунун деңгээли Бишкек шаарында эң жогору – 8 миң 68,58 сом, эң төмөн Талас облусунда – 7 миң 202,57 сом.
Бөлүшүү
Комментарийлер