КЫРГЫЗСТАНДА ПЕНСИЯ АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ ДАЙЫНДАЛЫШЫ МҮМКҮН
- 05.08.2026
- 0
Пенсияларды дайындоо жана төлөө тартибин өзгөртүү каралган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсиялар жаран Социалдык фондго кайрылбастан эле, маалыматтык системада бардык керектүү маалыматтар болсо, автоматтык түрдө дайындалышы мүмкүн.
Ошондой эле пенсионер убагында албай калган пенсиясы үчүн кайрылганда, ага эсептелген бардык сумманы толугу менен төлөө сунушталууда.
Мындан сырткары, жарандарга 1996-жылдан берки каалаган мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөп, камсыздандыруу стажын толуктоого мүмкүнчүлүк берүү каралган.
Долбоордо окуу жайларда окуган мезгилди да белгилүү шарттар менен камсыздандыруу стажына кошуу сунушталууда.
Баса, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомду түзөт.
Учурда минималдуу пенсия 7100 сом болсо, жаңы өзгөртүү менен ал 1700 сомго көбөйөт.
Касымалиев пенсияны жогорулатууга Социалдык фондго түшкөн каражаттын көбөйүшү негиз болгонун белгиледи.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер