Кыргызстанда билим берүү инновацияларына арналган эл аралык конференциясы өтөт

  • 06.09.2023
  • 0

Кыргызстанда «Санариптик доордогу билим берүү стратегиялары жана инновациялар» аттуу II эл аралык конференциясы өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара 8-10-сентябрь күндөрү өтөт.

Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Ньям-Очир Томор-Очир, ЮНЕСКОнун Эл аралык жогорку билим берүү институтунун жасалма интеллект долбоорунун жетекчиси Эмма Сабзалиеванын жана билим берүү жана маалымат технологиялары жаатындагы адистердин катышаары күтүлүүдө.

Конференцияны “Таалим-Форум” коомдук фонду жана КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жатат. Конференциянын программасы менен бул жерден таанышууга болот — https://kix.taalimforum.kg/conference-ru/2023.

Ал эми онлайн катышууну каалагандан үчүн бул жерге кирип катталуу керек — https://clck.ru/35SwBL

Бөлүшүү

Комментарийлер