КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАРЫ АНГЛИС ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК “SPELLING BEE” СЫНАГЫНА КАТЫШАТ

  • 26.10.2022
  • 0

2022-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын өткөрөт. Ага облустук сынакта жеңүүчү болгон 24 талапкер катышат.

КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАРЫ АНГЛИС ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК “SPELLING BEE” СЫНАГЫНА КАТЫШАТ

Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан сынак Кыргызстандын жаштарын англис тилин үйрөнүүгө шыктандырып, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталат.

“Spelling Bee” улуттук сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында Ташкент шаарында өтө турган Борбордук Азия регионалдык орфографиялык “Spelling Bee” сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

Орфографиялык сынактын шарты боюнча катышуучулары уккан сөздөрдү сөздүктө жазылгандай, туура тамгалап айтып бериши керек. Сынактын эрежеси боюнча катышуучу сөздү уккандан кийин кайталап берүүнү, аныктамасын, cөз түркүмүн, сөздун этимологиясын жана аны сүйлөмдө колдонуп мисал берүүнү сурай алат. Англис тилинде башка тилдерден кирген сөздөр көп болгондуктан, сөздөрдүн татаалдыгы да ар кандай болушу мүмкүн.

Убактысы: саат 11:00
Дареги: К.Тыныстанов көчөсү 242, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Америка Борбору.

Бөлүшүү

Комментарийлер