Кыргызстан-Тажикстан мугалимдерди окутуп өнүктүрүүдө кызматташат
- 14.10.2025
- 0
Кыргызстандын Агартуу министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен Тажикстандын Билим жана илим министрлигинин алдындагы билим берүү кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту кызматташтык жүргүзөт.
ПККЖиКД директору Алмаз Токтомаметов Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө бүгүн тажикстандык кесиптеши менен тийиштүү меморандумга кол койду.

Меморандумда Кыргызстандагы тажик тилдүү класстары бар мектептердин мугалимдеринин, ошондой эле Тажикстандагы кыргыз тилдүү класстары бар мектептердин мугалимдеринин билимин жогорулатууга шарттарды түзүү милдети каралган.
Ошону менен катар кыргызстандык делегация педагогдордун билимин өркүндөтүүдөгү санарип маселелерине арналып, Дүйшөмбүдө эртең боло турган форумга катышмакчы. Форумга бул региондогу өлкөлөрдүн билим берүү эксперттери катышып, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүшүп, кызматташтык жолдорун талкуулашат.
Алмаз Токтомаметов өз кезегинде Кыргызстандагы билим берүүнүн трансформациясы жана билимди жогорулатуудагы санариптешүү темасында баяндама жасайт. (БК)






Комментарийлер