КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮНҮ МАКУЛДАШЫШТЫ

  • 11.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бактияр Орозов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолукту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮНҮ МАКУЛДАШЫШТЫ

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата билим берүү жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу ой бөлүшүштү.

Ал эми жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну түзүүнү макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер