КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

  • 18.04.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Шандунь университетинин алдындагы Цилу ооруканасынын делегациясы менен жолугушуу өттү.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Жолугушууга Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын  башчысы
Айнура Исираилова катышты.

 

Тараптар клиникалык билим берүү жана илимий изилдөөлөр багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык билим берүү боюнча тренингдерди жана мастер-класстарды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кытай делегациясы Шандунь университети жана Цилу ооруканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, кыргыз билим берүү мекемелери менен кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Айнура Исираилова кызматташууну академиялык мобилдүүлүк программаларынан баштоону сунуштады. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 34 жогорку окуу жайы медициналык билим берүү программаларын ишке ашырууда. Бул сунушту Цилу ооруканасынын делегациясы колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги кызматташууга толук даяр экенин билдирди. Бул жолугушуу эл аралык кызматташууну чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер