КЫРГЫЗСТАН КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН БАЛДАР УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

  • 03.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Беларуста өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин балдар укуктары боюнча комиссиясынын (омбудсмендеринин) VII жыйынына катышты.{{ item.title }}Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлө институтун чыңдоо, жаш балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн психологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу жана бул багыттагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.{{ item.title }}Асел Чынбаева өз сөзүндө Кыргызстандагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Ал бул багыттагы көйгөйлөрдү өз убагында аныктоонун, жергиликтүү деңгээлдеги колдоо системаларын өнүктүрүүнүн жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл балдарга кам көрүү ыкмаларын жакшыртуунун жана бул жаатта узак мөөнөттүү натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.{{ item.title }}Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттердеги балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Кабыл алынган чечимдерге ылайык, КМШга мүчө мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын комиссиясынын төрагалыгы Беларустан Казакстанга өткөрүлүп берилди.

Кенжебек кызы Асел, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер